|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Мџлктџ, билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелерди легалдаштыруу жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљртџџлљрдџ жана толуктоолорду киргизџџ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2009-жылдын 29-октябры) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Мүлктү, билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелерди легалдаштыруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(2009-жылдын 29-октябры)
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы № 143 токтомуна ылайык кайра сурап алынды
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2009.29.10. № 667 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-берене. «Мүлктү, билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелерди легалдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2009-жылдын 7-августу, № 68-69) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Мүлктү (капиталды) амнистиялоо жана легалдаштыруу жөнүндө».
2. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Бул Мыйзам мүлктү легалдаштыруу боюнча бир жолку акцияны өткөрүүгө гана жана ага байланыштуу адамдарды жазык, администрациялык жана башка жоопкерчиликтен бошотууга багытталган.».
3. 2-беренеде:
- үчүнчү абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Жеке адамдар ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга легалдаштыруу жөнүндө ыктыярдуу декларация берген күндөн тартып, ал эми юридикалык жактар - арыз берген күндөн тартып легалдаштыруу субъекттеринин статусуна ээ болот.».
- бешинчи жана алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталуучу мүлк.
Амнистия - бул Мыйзамга ылайык мүлктү легалдаштырган адамдарды жазык, администрациялык жана башка жоопкерчиликтен бошотуу.»;
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Мүлктү легалдаштыруу жөнүндө декларация - мүлктү легалдаштыруу фактысын ырастаган документ. Мүлктү легалдаштыруу жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.».
4. 3-беренеде:
- биринчи абзацтагы «таризделген жүгүртүүдөн» деген сөздөр «жүгүртүүдөн жана (же) таризделген» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац алып салынсын.
5. 4-беренеде:
- 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин: