Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљртџџлљрдџ жана толуктоолорду киргизџџ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2008-жылдын 29-апрели) (Долбоор) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008.29.04 № 191 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-статья. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-жыл, № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл болгон курак жана стаж
1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка толгон аялдар укуктуу.
Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептик камсыздандыруу стажы эркектер үчүн - 25 жылды, аялдар үчүн - 20 жылды түзөт.
Толук эсептик камсыздандыруу стажы жок адамдарга пенсия ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык дайындалат.
2. Курагы боюнча пенсияга акыркы иштеген ордуна карабастан, жеңилдик берүүчү шарттарда төмөнкү кызматкерлер укуктуу:
а) жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана жер алдындагы жумуштарга, иши жеңилдетилген шарттарда курагы (карылыгы боюнча) боюнча пенсияга чыгууга укук берүүчү эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарга көрсөткүчтөрдүн № 1 Тизмеси боюнча (мындан ары - № 1 Тизме):
53 жашка толгон жана ишинин жалпы камсыздандыруу стажы кеминде 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген эркектер;
48 жашка толгон жана иштөөнүн жалпы камсыздандыруу стажы 15 жыл, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштеген аялдар.
№ 1 Тизме боюнча талап кылынуучу камсыздандыруу стажынын теңинен аз иш стажы болгондо ушул статьянын 1-пунктунда каралган жаш курагы көрсөтүлгөн иштин ар бир толук жылы үчүн бир жылга кыскартылат.
№ 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөө социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт;