Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 20-майындагы № ЭД-168/08 Мба токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 20-майындагы
№ ЭД-168/08 Мба токтому
№ 06-00117/09 ЭД-Көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Ж.,
судьялар: Жороев К.Ж., Арстанбаева Д.Э.,
сот отурумунун катчысы: Калиев Н.,
тараптар: «Сулайман-Тоо» АКнун президенти Сулейманов М.С., анын жактоочусу Абдуллаев М., Кызылкыя гуманитардык педагогикалык институтунун өкүлү - Эрмеков С. (2008-жылдын 16-декабрындагы ишеним кат) катышуусунда, соттун ачык отурумунда «Сулайман-Тоо» акционердик коомунун президенти Г.Сулеймановдун Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 26-февралындагы чечимине көзөмөл тартибинде келтирген даттануу арызын карап, ал чечими боюнча Баткен райондор аралык сотунун 2008-жылдын 23-декабрындагы чечими бузулуп, «Сулайман-Тоо» акционердик коомунун доосу толук канааттандыруусуз калтырылган. Апелляциялык арыз канааттандырылган. «Сулайман-Тоо» акциокердик коомунан мамлекет пайдасына 200 сом өлчөмүндө соттук чыгым өндүрүлгөн.
(Төрагалык кылуучу жана баяндоочу Карабаев С.У., судьялар Айжигитов Б.А., Адинаев А.И.),
Баткен райондор аралык сотунун 2008-жылдык 23-декабрындагы чечими боюнча «Сулайман-Тоо» акционердик коомунун доосу толук кайааттандырылып, 1998-жылдын 6-мартындагы доогер менен Кызылкыя Нефтебазасынын ортосунда түзүлгөн алмашуу жөнүндөгү келишим жана 2001-жыл 15-июнунда «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик коомунун атайын администратору менен Кызылкыя гуманитардык педагогикалык институтунун ортосунда түзүлгөн сатуу, сатып алуу келишими жараксыз деп табылган, институттан мамлекеттин пайдасына 200 оом мамлекеттик алым өндүрүлгөн (Судья Абдугапаров А.),
баяндамачы судья Д.Арстанбаеванын иш боюнча баяндамасын, Г.Сулеймановдун даттануу арызды колдогон, Кызылкыя гуманитардык педагогикалык институтунун даттануу арыз канааттандырылууга жатпайт деген пикирлерин угуп,
тапты:
«Сулаймак-Тоо» акционердик коому 1998-жылдын 6-мартындагы «Сулайман-Тоо» акционердик коому менен Кызылкыя Нефтебазасынын ортосунда түзүлгөн алмашуу жөнүндөгү жана 2001-жылды 15-июнундагы «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик коомунун атайын администратору менен Кызылкыя гуманитардык педагогикалык институтунун ортосунда түзүлгөн сатуу, сатып алуу келишимдерин жараксыз деп таап, өткөрүлгөн доо келтирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнү суранып, доо арыз менен Баткен райондор аралык сотуна кайрылган.