Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
2009-жылдын 28-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Кайрылуусу |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
2009-жылдын 28-июлундагы
Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Бакиевдин Кайрылуусу
Урматтуу кыргызстандыктар!
Азиз мекендештер!
Биз сиздер менен өлкөбүздүн турмушундагы жооптуу иш - чара болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун жыйынтыктадык. Менин оюмча, биз шайлоо кампаниясын тиешелүү деңгээлде өткөрдүк.
Кандай гана шайлоо болбосун - бул, албетте, идеялардын күрөшү, өлкөнүн келечеги жөнүндөгү ар кандай пикирлердин таймашы. Ошондуктан, сиздердин колдооңуздар жана ишенимиңиздер - бул биринчи кезекте өлкөнү жаңылоо жана өнүктүрүү боюнча президенттик багытты колдоо деп эсептеймин. Шайлоодо мага добуш бергендердин баарына ыраазылык билдиремин.
Шайлоо алдында айткандарымдын баары сөзсүз иш жүзүнө ашырылат деп баса белгилеп кетким келет. Жаңылануу Багыты - бүгүнкү туруктуу жана эртеңки андан да жакшы жашоо үчүн тандалган туура жол. Мендеги бул ишенимди сиздер берген добуштар бекемдеди. Өз жактоочуларыма: «Ак-Жол» партиясынын мүчөлөрүнө, биздин багытыбызды колдоого алган башка партияларга, башкалаада жана жер-жерлерде бүгүнкү жеңиш үчүн иштегендерге чын жүрөгүмдөн ыраазымын. Бул баарыбыздын жалпы жеңишибиз.
Мен башка талапкерлерге добуш бергендерге, кала берсе баарына каршы добуш бергендерге да ыраазылык айтамын. Тандоо укугуңуздардан пайдаланып, өлкөнүн активдүү, кайдыгер эмес жарандары экениңиздерди көрсөткөнүңүздөр абдан маанилүү.
Урматуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жалпысынан тынч, жакшы маанайда өттү. Эң маанилүү жарандык укуктардын бири - шайлоо укугу. Биз аны ишке ашырууга жооптуу жана цивилизациялуу мамиле жасай аларыбызды бүт дүйнөгө көрсөттүк.
Бул өлкөдө жарандык диалог өнүгүп жатканын дагы бир жолу ырастайт. Бул биздин коом негиздүү сын айта аларын, ошол эле кезде реформаларды ишке ашырууда бийлик менен шериктеш болгонго даяр экендигин далилдеди. Биздеги орун алган проблемаларды биргеликте чечүү зарылдыгын, мындай кадамдын мүмкүн экендигин тастыктады.
Бул проблемалар кызматтагы адамдарды алмаштыруу эмес, жашообузду тескеп жаткан системаларды реформалоо аркылуу чечилерин көрсөттү. Келечек качан келет деп күтүп отурбастан, аны азыртан баштап өз колубуз менен куруу керектигин айкындады.