Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине љзгљртџџлљрдџ жана толуктоолорду киргизџџ жљнџндљ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2009-жылдын 22-июну) (Долбоор) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(2009-жылдын 22-июну)
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине («Эркин Тоо» гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
«16) «Жакын туугандар» - Кыргыз Республикасынын үй-бүлө жөнүндө мыйзамдарына ылайык никелик мамиледе тургандар, асырап алгандар жана асырандылар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдар, толук бир тууган жана толук эмес бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар, чоң ата, чоң эне, тага ата, тага эне, неберелер»;
2. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«20-берене. Кыйыр салыктар
Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баасына же тарифине кошумча түрүндө белгиленчү, салык төлөөчүнүн кирешесине же мүлкүнө түздөн түз байланышпаган кошумча наркка салык, акциздик салык жана сатуудан салык сыяктуу салыктар кыйыр салык деп эсептелет.
Кыйыр салыктын салыктык базасы, суммасы жана ставкасын салык төлөөчү тарабынан эсептик документтерде жана салыктык отчётто Ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте көрсөтүлөт».
3. 21-берененин 3-пунктунда:
- 3-пунктча «сатуу» деген сездөн кийин», жактын уставдык капиталдагы үлүшү» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-7-пунктчалар менен толукталсын:
«5) жактын уставдык капиталдагы үлүшүнө жараша ар кандай төлөмдөрдү алуу;
6) үстөк айып, айыптарды, моралдык зыяндын акысын алуу;
7) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасын (ордун толтурууну) алуу.».
4. 27-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27-берене. Жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү
Жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү деп товарларды сатуудан башка бардык ишкердик жүргүзүү эсептелет.».
5. 51-берененин аталышындагы «анын кызмат адамдарынын» деген сөздөр «алардын кызмат адамдарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 74-берененин 5-пунктунун экинчи абзацындагы «накталай» деген сөз «болгон» деген сөзге алмаштырылсын.