Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Ветеринария жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2009-жылдын 5-июну) (Долбоор) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Ветеринария жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 368 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык кайра сурап алынды
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында ветеринариянын жалпы, укуктук, уюштуруу жана экономикалык негиздерин аныктайт.
Бул Мыйзам жаныбарлардын ден соолугун сактоого, адамдарды адам жана жаныбарлар үчүн жалпы болгон оорулардан сактоого, жаныбарлардан ветеринардык-санитардык жактан жакшы сапаттуу продуктулардын өндүрүлүшүн жана сатылышын камсыз кылууга багытталган. NAL (Налоговое законодательство)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ветеринария жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келиш керек.
1-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Ветеринария - жаныбарларды жугуштуу жана жугуштуу эмес ылаңдардан сактоо жана алардан дарылоо, жаныбарлардан жакшы сапаттуу продуктулар алынышын камсыздоо, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ооруларды болтурбоо боюнча мамлекеттик, коомдук, чарбалык жана атайын иш-чаралардын комплекси.
Ветеринардык медицина - жаныбарлардын ден соолугун сактоого, ооруп калган жаныбарлардын дартын аныктоого жана дарылоого, жаныбарлардын ылаңдарын аныктоого жана жоюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын козгогучтары киришинен корууга багытталган иштердин жыйындысы.
Ветеринардык дары каражаттар - жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоо, иммундук профилактикалоо жана дарылоо үчүн арналган биологиялык, өсүмдүк, химиялык, фармацевттик жана башка препараттар.
Ветеринардык кызмат көрсөтүү - ветеринар врачтар жана ветеринар техниктер көрсөтө турган дарылоочу-профилактикалык, фармацевттик, эксперттик, илим-изилдөөчү, педагогикалык жана консультациялык тейлөө.
Ветеринар врач жана ветеринар техник - ветеринария жагында ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча иштеген адистер.
Ветеринардык санитардык иш-чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана жугушсуз массалык ылаңдарынын чыгышын жана таркалышын болтурбоого, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдардан адамдарды сактоого, жаныбарлардын ылаңдарынан келүүчү зыянды болтурбоого багытталган ишчаралардын комплекси.