Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Россия Федерациясынын Љкмљтџнџн ортосундагы «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) акцияларынын мамлекеттик пакетинин Кыргыз Республикасына таандык бљлџгџн менчиктештирџџдљ кызматташуу жљнџндљ макулдашуу» Долбоор |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) акцияларынын мамлекеттик пакетинин Кыргыз Республикасына таандык бөлүгүн менчиктештирүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 317-б буйругу менен жактырылды
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жана Россия Федерациясынын Өкмөтү, Россия Федерациясынын Министрлер кеңеши - Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1993-жылдын 2-мартындагы Нефти жана газ өнөр жайын өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууга таянышып,
Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыштык газды алып келүү жана бөлүштүрүү жагында өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүнү каалашып,
өз ара кызыкчылыктарды жана «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетинин Кыргыз Республикасына таандык бөлүгүн менчиктештирүүнүн алкагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү ниеттерин көңүлгө алышып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1 -статья
Тараптар «Газпром» ачык акционердик коому (Россия Федерациясы) (мындан ары «Газпром» ААК) «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) (мындан ары - «Кыргызгаз» ААК) акцияларынын Кыргыз Республикасына таандык пакетин анын уставдык капиталынын 75 процент плюс 1 акция өлчөмүндө менчиктештирүүгө катышуусун камсыздашат.
Бул Макулдашуунун максаты үчүн:
1. «Инвестор» деген термин Тараптардын ар бири боюнча, юридикалык жак өз Тарабынын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык башка Тараптын мамлекетинин аймагында инвестицияларды ишке ашырууга укуктуу болгон шарт менен ал Тараптын мамлекетинин аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык түзүлгөн юридикалык жакты билдирет.
2. «Инвестиция» деген термин бир Тараптын мамлекетинин инвестору башка Тараптын мамлекетинин аймагында анын мыйзамдарына ылайык салуучу мүлктүк жана интеллектуалдык баалуулуктардын бардык түрлөрүн камтыйт, атап айтканда:
а) кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, ошондой эле тийиштүү мүлктүк укуктар;
б) акчалай каражаттар, ошондой эле акциялар. Салымдар жана катышуунун башка формалары;