Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Россия Федерациясынын Љкмљтџнџн ортосундагы Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият џйџн жана Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын ишмердигинин шарттары жљнџндљ макулдашуу» (2009-жылдын 27-майы) Долбоор (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана
Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун
уюштуруу жана алардын ишмердигинин шарттары жөнүндө
макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 242-б буйругу менен жактырылды
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-мартындагы № 78-б буйругу менен күчүн жоготту
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө 1992-жылдын 10- июнундагы келишимдин, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө 2000-жылдын 27-июлундагы декларациянын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият, илим жана билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө 1995-жылдын 27-мартындагы макулдашуунун негизинде эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана маалыматтык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө аракеттенишип, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Кыргыз тарап Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн (мындан ары - КИМҮ) уюштурат жана Россия тарап Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун (мындан ары - РИМБ) уюштурат, алар мындан ары «Мекемелер» деп аталат.
Тараптар өз ара келишимдин негизинде эки мамлекеттин башка шаарларында Мекемелердин филиалдарын ача алышат.
Мекемелердин жана алардын филиалдарынын ишмердиги ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2-берене
КИМҮ жана анын филиалдары өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жетекчилиги алдында жүргүзөт.
РИМБ жана анын филиалдары өз ишмердигин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүгүнүн башчысынын жалпы жетекчилиги алдында жүргүзөт. РИМБдин ишмердиги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин иштери боюнча жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттик тарабынан камсыз кылынат.
3-берене