Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 24-ноябрындагы № АД-74/15 МИ токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 24-ноябрындагы токтому
Иш № АД-74/15 МИ
Көзөмөл өндүрүшү № 6-899/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Базаралиева А.М.,
судьялар: Арапбаев Н.М., Боронбаева Д.С.,
сот отурумунун катчысы Абышов Б.,
тараптардан: Ш.Карагулова, анын өкүлү - Э.Бейшеналиев (ишеним кат 2015-жылдын 1-апрелинен), М.Иманканова, анын өкүлү - Ю.Скатневский (ишеним кат 2016-жылдын 24-ноябрынан) катышуусунда,
ачык соттук отурумда М.Иманканованын Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 16-октябрындагы чечимине; Ысык-Көл облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 12-апрелиндеги аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап,
ТАПТЫ:
Ш.Карагулова сотко арыз менен кайрылып, анда Балыкчы шаарынын Мэриясынын 2011-жылдын 19-февралындагы № 65 токтомун жана Балыкчы шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан М.Иманканованын наамына 2011-жылдын 24-февралында берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүүнү сураган.
Ошону менен бирге, Ш.Карагулова сотко арыз менен кайрылуу процесстик мөөнөтүн калыбына келтирип берүү жөнүндөгү өтүнүчү менен кайрылып, анда талаш актылар бар экенин 2014-жылдын 10-октябрында билип, ал актыларды жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы менен ошол эле жылдын 8-декабрында кайрылып, Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун 2014-жылдын 11-декабрындагы аныктамасы менен арыз кайтарылганын, андан кийин анын колунун сөөгү сынып, гипс коюлуп, врач-травматологдо амбулаториялык дарыланууда болгонун көрсөткөн.
Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 16-октябрындагы чечими менен Ш.Карагулованын сотко арыз менен кайрылуу процесстик мөөнөтүн калыбына келтирип берүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган. Арыз менен сотко кайрылуу мөөнөт калыбына келтирилген. Арыз канааттандырылган. Балыкчы шаарынын Мэриясынын 2011-жылдын 19-февралындагы № 65 токтому жана сериясы Ч 298418 сандуу 2011-жылдын 24-февралында М.Иманканованын наамына берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт жараксыз деп табылышкан. Балыкчы шаарынын Мэриясынан 1000 сом, Балыкчы шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо башкармалыгынан 1000 сом мамлекеттик алым республикалык бюджетке өндүрүлгөн