Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 9-февралындагы № ЭД-652/15 МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 9-февралындагытоктому
Иш № ЭД-652/15 МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-1/17 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Боронбаева Д.С.,
судьялар: Мухамеджанов А.Ж., Осмоналиев К.Т.,
сот отурумунун катчысы: Токтогазиев Р.,
тараптардан: Ю.Абдуллаеванын өкүлү - Х.Абдуллаевдин (ишеним кат 2017-жылдын 13-январынан) катышуусунда,
ачык соттук отурумда Ю.Абдуллаеванын Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 1-мартындагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап,
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын жана Ю.Абдуллаеванын өкүлүнүн пикирин угуп,
ТАПТЫ:
Ю.Абдуллаева сотко арыз менен кайрылып, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 10-августундагы № 1154 чечимин жараксыз, ал эми анын негизинде салынган туумду жокко чыгарып берүүнү сураган.
Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 28-сентябрындагы чечими менен Ю.Абдуллаеванын арызы канааттандырылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 10-августундагы № 1154 чечими жараксыз деп табылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 10-августундагы № 1154 чечиминин негизинде салынган туум жокко чыгарылган. Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынан республикалык бюджетке 1000 сом мамлекеттик алым, 120 сом почта чыгымдары өндүрүлгөн
(төрагалык кылуучу Матраимов Н.Т.).
Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 1-мартындагы токтому менен Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 28-сентябрындагы чечими алып салынып, иш боюнча жаңы чечим кабыл алынган. Ю.Абдуллаеванын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын 10-августундагы № 1154 чечимин жараксыз деп табуу жана бул чечимдин негизинде салынган туумду жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган. Ю.Абдуллаевадан арызды кароонун жыйынтыгы менен 8060 сом, ал эми кассациялык тартипте кароонун жыйынтыгы менен 4030 сом мамлекеттик алым мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн
(төрагалык кылуучу Каримова Р.А., судьялар: Салиев К.А., Эгембердиева А.У.).
Экинчи инстанциядагы соттун токтому менен макул болбостон, Ю.Абдуллаева Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл тартибиндеги даттануу менен кайрылган.