Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 30-мартындагы № ЭД-000093/15-МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 30-мартындагы токтому
Иш № ЭД-000093/15-МО
Көзөмөл өндүрүш № 6-242/15 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Джумашов К.О.,
судьялар: Токбаева А.А., Боронбаева Д.С.,
сот отурумунун катчысы: Ташиев А.,
тараптардын катышуусуз,
ачык соттук отурумда Э.Тешебаевдин Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 10-декабрындагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап,
ал токтом менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 7-октябрындагы иш боюнча чыгарылган аныктамасы толугу менен алып салынган. Иш негизинен кароого ошол эле сотко жөнөтүлгөн
(төрагалык кылган жана баяндоочу: Каримова Р.А., судьялар: Салиев К.А., Эгембердиева А.У.),
Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 7-октябрындагы аныктамасы менен Жоош айыл округунун арызынын Кыргызстан пахтачылык боюнча тажрыйба станциясынын 1999-жылдын 1-ноябрындагы № 61 протоколун жараксыз деп табуу талабы боюнча сот иши өндүрүштөн токтотулган
(төрагалык кылган: Кулакматов Б.О.),
ТАПТЫ:
Жоош айыл өкмөтү Ош областынын райондор аралык сотуна Кыргызстан Пахтачылык боюнча тажрыйба станциясына, Э.Тешебаевке жана Кара-Суу райондук прокуратурасына карата Кыргызстан пахтачылык боюнча тажрыйба станциясынын 1999-жылдын 1-ноябрындагы № 61 протоколун жана 1999-жылдын 1-декабрындагы № 196 буйругун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган.
Соттор тарабынан жогорудагы соттук актылар кабыл алынган.
Кабыл алынган кассациялык инстанциядагы соттун соттук актысы менен макул болбогон Тешебаев Э. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл даттануу менен кайрылып, анда Кыргызстан пахтачылык боюнча тажрыйба станциясынын 1999-жылдын 1-ноябрындагы протоколу мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актысы эмес жана кандайдыр бир юридикалык натыйжаларга алып келген ыйгарым укуктуу органдын расмий чечими болуп саналбайт, укук ченемдик эмес актынын (укук ченемдик актынын) белгилерин камтыбайт. Кыргызстан пахтачылык боюнча тажрыйба станциясынын 1999-жылдын 1-ноябрындагы протоколу, өткөрүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгын түшүндүрөт, өз алдынча документ катарында эч кандай юридикалык кесепеттерди жаратпайт. Демек, бул протокол жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралууга жана чечилүүгө жатпайт.