Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Эмгекти коргоо жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљртџџлљрдџ киргизџџ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2015-жылдын 7-декабры) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 835 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 3-мартындагы № 332-VI токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 603-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 142 Мыйзамы менен кабыл алынган
1-берене. «Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-статьяда:
- онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«кесиптик оору - кызматкердин өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткаруусу менен байланышкан зыяндуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен улам келип чыккан өнөкөт же катуу оору;»;
- он бешинчи жана он алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи - он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«эмгек гигиенасы - кызматкерлердин ден соолугун сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси;
өндүрүштүк санитария - өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген зыяндуу таасирине жол бербөөчү же азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттарынын системасы;
атайын кийим-кече - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон коргоого багытталган жеке коргонуу каражаттары, кийим, баш кийим, мээлей, башка предметтер.»;
3) I глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын;
«1-1-статья. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт жана эмгек процессинде кызматкерлердии өмүрүн жана ден соолугун сактоонун талаптарына ылайык эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.»;
4) 4-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы «мыйзамдарын жана башка» деген сөздөр алып салынсын;