Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 14-октябрындагы № АД-132/12МД токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 14-октябрындагы токтому
Иш № АД-132/12МД
Көзөмөл өндүрүшү № 6-818/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Мужамеджанов А.Ж.,
судьялар: Джумашов К.О., Арапбаев Н.М.,
сот отурумунун катчысы: Эмилбек кызы Нуркыз,
Бечелова С.Д., Борбуева Ж., жана З.Керимкулованын өкүлү Кулчунов М.А., (2016-жылдын 30-июнундагы ишеним кат), А.Азимованын өкүлү - А.Кадыровдун (2016-жылдын 6-майындагы ишеним кат) катышуулары менен,
ачык соттук отурумда С.Бечелованын, З.Керимкулованын, Ж.Борбуеванын Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 28-апрелиндеги токтомуна карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап, ал токтом менен өтүп кеткен кассациялык даттануу мөөнөтү калыбына келтирилип, Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 19-декабрындагы чечими бузулуп, иш жаңы кароого ошол эле сотко жөнөтүлүп, кассациялык даттануу канааттандырылган
(Төрагалык кылган Исамидинов Д.И., судьялар: Абылакимов А.А., Абдраимов А.Ж., - судья баяндамачы),
Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 19-декабрындагы аныктамасы менен арыздануучулар Х.Хаджакбарова, Х.Кадирова, Д.Хамидова, А.Азимова, Н.Бутаева, А.Саматовалардын арызы кароосуз калтырылган
(Төрагалык кылган Айжигитов А.А.),
ТАПТЫ:
Хаджакбарова X., Кадирова X., Хамидова Д., Азимова А., Бутаева Н., Эшанова Г., жана А.Саматовалар сотко арыз менен кайрылышып, анда Жалал-Абад шаарында жайгашкан Элдер Достугу университети тарабынан 2012-жылдын 2-июлундагы № 1 буйругунун негизинде Жалал-Абад шаары Көк-Арт кичи районунун З.Жамашев көчөсүндө жайгашкан № 24 үйүнүн Хаджакбарова Х.М., № 10 батирине, Кадирова Х.К., № 3 батирине, Хамидова Д.К., № 7 батирине, Азимова А.Ф., № 13 батирине, Бутаева Н.Х., № 5 батирине, Саматова А.С., № 9 батирине жана Эшанова Г.М., Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан № 124 үйүнүн № 12 батирине карата жеке менчик укуктарын каттоону Жалал-Абад шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгын милдеттендирүүнү сурашкан.
Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан жогорудагыдай соттук актылар кабыл алынган.
Кабыл алынган кассациялык инстанция сотунун соттук актысы менен макул болбогон Бечелова С., Керимкулова З., Борбуева Ж., Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл даттануу менен кайрылышып, анда Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 28-апрелиндеги токтомун жокко чыгарууну сурашкан.