Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Тарых жана маданият жылы: изилдљљлљр, иликтљљлљр Изилдљљлљр ушул жыл менен эле чектелип калбайт (2016-жылдын 25-октябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Тарых жана маданият жылы: изилдөөлөр, иликтөөлөр
Изилдөөлөр ушул жыл менен эле чектелип калбайт
Тарых илимдеринин кандидадты, «Мурас» фондусунун төрагасынын орун басары Кыяс Молдокасымов:
- Кыяс Сатарович, быйылкы тарых жана маданият жылына белгиленген иш-чаралар кандай аткарылып жатат?
- Тарых жана маданият жылында Президенттин жарлыгы менен атайын уюшулган Президенттин алдындагы тарых комиссиясы ага байланыштуу иш-чаралардын планын иштеп чыккан. Алардын баары Президенттик Аппараттын астындагы «Мурас» фондусу аркылуу көзөмөлгө алынып, негизинен аткарылды, эми жыйынтыкталып жатат.
Буга чейинки өткөрүлгөн иш-чараларда жаңы ысымдардын, жаңы тарыхчылардын, жаштардын ошол пландаштырылган иш-чараларга өздөрүнүн баяндамалары менен чыгууларына да шарт түздүк. Мындай иш-чаралардын бири - улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы 21-октябрда Бишкек шаарында Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүүчү эл аралык конференция менен жыйынтыкталат.
- Быйыл кандай тарыхый жаңы булактарды, документтерди таап-алып чыктыңыздар?
- Быйылкы жылдагы эң орчундуу иш-чаралар улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу болду. Ошондуктан, жылдын башында эле биздин тарыхчылар Москванын, Санкт-Петербургдун архивдеринен Кыргызстандын тарыхына байланыштуу жаңы табылгаларды табуу үчүн бир айдан олтуруп иштеп келишти. Өзбекстандын борбордук мамлекеттик архиви да өтө бай келгендиктен ал жакка барууга аракет кылдык эле, бирок белгилүү себептерге байланыштуу бара алган жокпуз. А Алматыдагы Казакстандын борбордук мамлекеттик архивинде көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлдү. Натыйжада, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө тиешелүү эле 300дөн ашуун документтердин тизмеси түзүлдү. Анын ичинен 15ке жакын иш кагаздарынын, негизги тарыхый окуяларга байланышкан баяндамалардын, маалыматтардын, документтердин фотокөчүрмөлөрү жасалды. Мурда деле бул багытта көп изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бирок, Советтер Союзунун учурунда бир кыйла чектөөлөр болгон. Азыркы күндө болсо тыкыр олтуруп изилдегенде жаңы архивдик материалдар чыгып жатат. Алсак, Керенскийдин докладынын мурда журналга чыкканын эле алып келдик дешкен. Эми Санкт-Петербургдагы архивден Керенскийдин ошол докладынын түп нускасын, өз колу менен оңдогон вариантын таап келишти.