Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Келечектеги пенсияга кам кљрбљсљњ, жеткиликтџџ пенсия алууга укугуњ болбойт» Суроо-жооп (2016-жылдын 16-февралы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Келечектеги пенсияга кам көрбөсөң, жеткиликтүү пенсия алууга укугуң болбойт
Өз мекенинде көптөгөн жылдар бою кызмат кылып, пенсиясын камсыздап келген врачтардын, мугалимдердин, шахтер жана башка тармактарда иштегендер менен келечектеги пенсиясына кам көрбөстөн жаш курагы жеткенде пенсия алган жарандар ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып келет. Ушундан улам келечектеги пенсиясына кошкон салымы, чет өлкө жарандыгын ала турган адам топтогон каражатын алып кете алабы деген суроолордун тегерегинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев менен маектештик.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев:
Суроо: - Мухамметкалый Дүйшөкеевич, айылдагы малдуу фермерлердин, дыйкандардын келечектеги пенсиясы кандай болот? Анткени алардын көпчүлүгү төлөбөйт, төлөсө да жердин салыгы менен кутулуп коюшат.
Жооп: - Учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири - фермерлердин, дыйкандардын келечектеги пенсиясы. Келечекте айыл чарбасында эмгектенгендердин пенсиясын көбөйтүү максатында, 2015-жылдын апрелинен тартып Өкмөт бекиткен пенсиялык камсыздоону өнүктүрүү Концепциясынын негизинде камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери кайра каралган. Буга чейин социалдык камсыздандыруу жер салыгынын базалык өлчөмүндө төлөнүп, дыйкан чарбанын бардык мүчөлөрү камсыздандырылып келген. Маселен, дыйкан чарбанын жылына орто эсеп менен төлөгөн 2500 сомун анда катталган 6 мүчөсүнө бөлсөк, 416 сомдон болот. Ал эми бир айга 35 сомдун тегерегинде пенсиялык камсыздандырууга кетет. А эгерде дыйкан чарбанын 30 мүчөсү болсо айына болгону 21 сом төлөп, камсыздандыруу стажын табат. Мындай төлөмдөр менен келечекте 100 сомго жетпеген пенсия алат. Ал эми жөнөкөй сектордо минималдык 5000 сомго иштеген адам айына эмгек маянасынан 500 сом төлөсө, 10 000 сом алган жаран өз эмгек акысынан айына 1000 сом которуп камсыздандыруу стажына укуктуу. Пенсия системасындагы мындай теңсиздик коомчулукта нааразычылыкты туудурат. Тагыраак айтканда, ишканаларда, заводдордо, шахталарда эмгектенгендер жана ГЭСтерди кургандар, врачтар, мугалимдер дегеле өз мекенинде 40 жыл иштеген жарандардын пенсиялары камсыздандырууга арзыбаган салым кошкондордун пенсиясы менен теңелген учурлар калыпка салынган. Буга күбө болгон жаштардын: - «Пенсияны камсыздандырууга жетишерлик салым кошсок да, кийин арзыбаган пенсияга ээ болобуз.