Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 15-декабрындагы № АД-180/12 МД токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 15-декабрындагы токтому
Иш № АД-180/12 МД, СГ-49/14 МД
Көзөмөл өндүрүш № 6-886/15 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Ж.,
судьялар: Арапбаев Н.М., Осмоналиев К.Т.
катчы: Жаныбек уулу А.,
тараптардан: Токтогул ГЭСтери Каскадынын өкүлү - З.Толубаева (ишеним кат 2015-жылдын 9-январынан), «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун өкүлү - Н.Кулбатыров (ишеним кат 2015-жылдын 8-январынан), С.Токсонбаевдин өкүлү - Э.Жаанбаеванын (ишеним кат 2015-жылдын 16-ноябрынан) катышуусунда, ачык соттук отурумда С.Токсонбаевдин Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 15-январындагы чечимине, Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги токтомуна карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап,
Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 15-январындагы чечими менен Токтогул ГЭСтери Каскадынын арызы канааттандырылган. Арыздын эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилген. Кара-Көл шаарынын Мэриясынын 2011-жылдын 5-декабрындагы № 509-б жана 2011-жылдын 25-февралындагы № 82-б буйруктары жараксыз деп табылган. Арыздын калган бөлүгү кароосуз калтырылган. Кара-Көл шаарынын Мэриясынан 20 сом мамлекеттик алым республикалык бюджетке өндүрүлгөн.
(төрагалык кылуучу: Айжигитов А.А.)
Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги токтому менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 15-январындагы чечими күчүндө, кассациялык тартипте жеке даттануу канаттандыруусуз калтырылган.
(төрагалык кылуучу: Кожобекова Г.Т., судьялар: Таштемиров А.Н., Абылакимов А.А.)
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын, тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия,
ТАПТЫ:
Токтогул ГЭСтери Каскады Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен С.Токсонбаевдин ортосунда 2011-жылдын 18-апрелинде түзүлгөн ижара келишимин, Кара-Көл шаарынын Мэриясынын 2011-жылдын 5-декабрындагы № 509-б буйругун, Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2006-жылдын 28-апрелинде С.Токсонбаевдин атына берилген 0021823 сандуу жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүгүн жараксыз деп таап берүүнү суранган.