Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Индия Республикасынын Керектљљчџлљрдџн иштери боюнча министрлигине караштуу Индия Стандарттары Бюросунун ортосундагы Стандарташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында љз ара тџшџнџшџџ жана кызматташуу жљнџндљ» Меморандум долбоору (2015-жылдын 10-июлу) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Индия Республикасынын Керектөөчүлөрдүн иштери боюнча министрлигине караштуу Индия Стандарттары Бюросунун ортосундагы Стандарташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө
Меморандум
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 322-б буйругу менен макулдук берилген
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Индия Республикасынын Керектөөчүлөрдүн иштери боюнча министрлигине караштуу Индия Стандарттар Бюросу, өз ара кызыкчылык маанайында кызматташууга ниеттенил, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында техникалык кызматташтыкты жогорулатуу жана чыңдоо, Тараптардын ортосунда керектүү маалыматты жана тажрыйба алмашуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Меморандумдун максаты
Ушул Меморандумдун максаты кыйла тыгыз кызматташууга жана өз ара соодада тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү жана шайкештикти баалоо. ошондой эле стандартташтыруу боюнча ишти чындоонун жалпы максатына жетишүү үчүн Тараптар чогуу иштеечү механизмди камсыз кылуу болуп саналат.
2-берене. Кызматташуу тармактары
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй тармактарда кызматташууну колдошот жана өнүктүрүшөт:
2.1. Стандартташтыруу:
Тараптар стандартташтыруу боюнча уюштуруучулук түзүмдү, стандарттарды иштеп чыгуу эрежелерин жана жол-жоболорун, стандарттарды иштеп чыгуу үчүн программаларды, өнүгүүнүн ар кандай стадияларындага эл аралык стандарттар боюнча комментарийлерди камтыган стандартташтыруу жаатьшдагы маалыматтарды жана документтерди алмашат.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча стандартташтыруу маселелери/чөйрөлөрү боюнча илимий-техникалык маалыматты алмашат.
2.2. Шайкештикти баалоо:
2.2.1. Сертификатташтыруу:
(1) Тараптар өз ара инспекциялык кызматтарды пайдалануу үчүн кызматташуу жөнүндө эки тараптуу макулдашууну түзүү максатында максатка ылайыктуу болгон өлчөмдө бир-биринин уюштуруучулук түзүмүн, үчүнчү жак тарабынан продукцияны сертификатташтыруу жана менеджмент системасын сертификатташтыруу эрежелерин жана жол-жоболорун изилдешет.
Тараптар продукцияны сертификаттаилыруу жана максатка ылайыктуу болгондой өлчомдө менеджмент системасын сертификатташтыруу жөнүндө ички колдонмолорду алмашат.