Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 21-январындагы № АД-001047/15-МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 21-январындагы токтому
Иш № АД-001047/15-МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-99/15 СА; 6-12/16 СА
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т.,
судьялар: Акматов Б.Дж., Мухамеджанов А.Ж.,
сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,
тараптардын катышуусуз,
ачык соттук отурумда М.Юсуповдун Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 23-декабрындагы аныктамасына, ал аныктама менен Юсупов Манаптын жаңы ачылган жагдай боюнча Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 26-ноябрындагы чечимин алып салуу жөнүндөгү арызы канааттандыруусуз калтырылган,
(төрагалык кылган: А.Айжигитов),
жана Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 20-июлундагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап, ал аныктама менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 23-декабрындагы аныктамасы өзгөртүүсүз, апелляциялык тартипте жеке даттануу канааттандыруусуз калтырылган
(төрагалык кылган: А.Таштемиров, судьялар: А.Абылакимов, А.Абдраимов - баяндоочу),
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын, тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия,
ТАПТЫ:
М.С.Юсупов Базар-Коргон айыл округуна, Д.Юсуповго карата Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна арызы менен кайрылып, анда 2013-жылдын 21-июнундагы Базар-Коргон айыл округунун муниципалдык жерлерге укук берүү комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн аукциондун токтомун жокко чыгарып берүүнү суранган.
Ошону менен бирге, М.С.Юсупов көрсөтүлгөн арыз менен кайрылууга өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүч менен кайрылган.
Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 26-ноябрындагы чечими менен доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилген жана анын 2013-жылдын 21-июнундагы Базар-Коргон айыл округунун муниципалдык жерлерге укук берүү комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн аукциондун токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызы канааттандыруусуз калтырылган.
Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 12-февралындагы аныктамасы менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 26-ноябрындагы чечими өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылган.