Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Туризм туруктуулукту талап кылат (2015-жылдын 27-январы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Туризм туруктуулукту талап кылат
Акыркы жылдары Өкмөт да, туристтик бизнестин өкүлдөрү дагы Кыргызстан кышкы туризмге көңүл бурушу керектигин баса белгилеп келишет. Каржылык кыйынчылыктарга жана чыгашаларга карабай кышкы туризмди өлкөдө эң мыкты деңгээлде өнүктүрүүгө Кыргызстандын жаратылышы шарт түзүп бергендей.
Акыркы жылдары жайкы туризмге караганда, кышкы туризмдин агымы көбөйүп, өлкөдөгү лыжа базаларында эс алуучулардын көптүгү байкалууда. Кыргызстандыктардын арасында гана кышкы эс алуу кеңири жайылбастан, тыштан келген туристтердин да саны арбыды. Алсак, «Каракол», «ЗИЛ», «Нооруз» өңдүү лыжа базалардагы мейманканаларда бош орундар калбай калаарына күбө болдук. Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү ижарага лыжа же коньки алуу дээрлик мүмкүн эмес. Мындайды билгендер өздөрүнүн лыжалары менен тоого келишет. Окуучулар да эс алуу күндөрү жылгаяк тебүүчүлөрдүн катарын толуктап, кары-жашы дебей тоо боорунда жүрүшөт. Ошол эле учурда, Ала-Арча мамлекеттик багы да кышкы кереметти тартуулап, бир катар эс алуучу жайларды ачкан. Ал жакта да бош мейманкалар жок экенин, кеч күздө эле алдын ала брондолгонун айтышат эс алуучулар. Бул жактагы эс алуучулардын басымдуу бөлүгү Орусия жана башка өлкөлөрдүн биздин аска-зоолорго саякаттоого келген альпинисттери. Чындыгында Кыргызстан туризм боюнча эл аралык рейтингдерде алдыңкы орундарга илинип жатышы кубантарлык жагдай. Өткөн жылдын башында «Сlоbe Sports» порталы Кыргызстандын туристтик жактан жагымдуу өлкөлөрдүн катарынан үчүнчү орунга чыкканын маалымдаган. Биздин өлкөдө туризмдин бул түрү жаңы гана таанымал боло баштаса, батыш мамлекеттеринде ал эбак эле жашоо образына айланган. Адистер өлкөнүн кайталангыс жаратылыш потенциалы жана тоо ландшафты тиешелүү инвестициянын жоктугунан улам толук колдонулбай жатканын да белгилешет. Жалпысынан алганда, Кыргызстанда туризм акырындап өнүгүп жатат. Салыштыруу үчүн айтсак, 2000-жылдан 2014-жылга чейин коңшу Казакстандан келген туристтердин саны 3 эсе, ал эми Кыргызстана келген жалпы туристтердин саны 53 эсе жогорулаган. Анын ичинде кышкы туризмдин дагы жетишерлик үлүшү бар.
Кыргызстанга эс алууга келген туристтердин агымы мурдагы жылдарга салыштырмалуу басымдуу экенин Туризм департаментинин стратегиялык бөлүмүнүн башкы адиси Чубак Оморов төмөндөгүдөй билдирди: