Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Италия Республикасынын Љкмљтџнџн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мљљнљттџџ визаларды алуу зарылдыгынан бошотуу жљнџндљ» Макулдашуу долбоору (2015-жылдын 15-январы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визаларды алуу зарылдыгынан бошотуу жөнүндө
Макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-январындагы № 4-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Макулдашуучу тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтү,
эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү каалап,
достук мамилелерди чындоодогу кызыкчылыкты көңүлгө алып жана дипломатиялык паспорттору бар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жарандарынын экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына барып-келүүлөрүн жеңилдетүү максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Жарактуу дипломатиялык паспорттору бар жана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында аккредитацияланбаган бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жарандары биринчи кирген күндөн тартып жүз сексен (180) күндүн ичинде 90 күнгө чейинки мезгилге (бир же бир нече мезгилдин алкагында) экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, транзит менен өтүү, болуу жана чыгуу үчүн визалык талаптардан бошотулушат.
Кыргыз жарандары - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн токсон (90) күндүк эсеп Шенген мейкиндигине биринчи кирген күндөн тартып башталат.
2-берене
Ушул Макулдашуу экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык паспорттору бар мүчөлөрүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кабыл алуучу мамлекетте аккредитациялоо үчүн виза алуу зарылдыгынан бошотпойт.
Жогоруда аталган адамдар аккредитациялангандан кийин алар аккредитацияланган мөөнөттүн ичинде кабыл алуучу мамлекеттин аймагына визасыз кирип, транзит менен өтүп, болуп же чыга алышат.
3-берене
Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде эскерилген дипломатиялык паспортторго ээ болгон ар бир Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин жарандары мамлекеттер аралык каттам үчүн ачылган каалаган мамлекеттик чек арадан өтүү пункттары аркылуу экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирип же чыга алышат.
4-берене