Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин долбоору (2013-жылдын 27-сентябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БАНК КОДЕКСИ
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-июнундагы № 5313-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-БАП. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-берене. Банктык мыйзамдар аркылуу жөнгө салынуучу мамилелер
1. Банктык мыйзамдар банк ишин жүзөгө ашыруу, акча-насыя жана валюта саясаттарын жүргүзүү, төлөм системасынын иш-чөйрөсүндөгү мамилелерди (банктык укуктук мамилелерди), ошондой эле банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилелерин жана жоопкерчиликтерин жөнгө салат.
2. Ыйгарым укуктуу орган аркылуу мамлекет, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк), банктар, жеке адамдар жана юридикалык жактар, анын ичинде резидент эместер банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынан болуп саналат.
3. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган финансы-насыялык уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иши, эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, мыйзамдар жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
2-берене. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары - бул, Кыргыз Республикасындагы банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тутуму.
2. Ушул Кодекстин ченемдери менен Кыргыз Республикасынын башка кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдеринин ортосунда дал келбестиктер (коллизиялар) болгон учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде башкача каралбаса, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.
3. Банктык укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдери ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.
4. Кыргыз Республикасынын банктык укуктук мамилелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.
3-берене. Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптери
Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптеринен болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, акыл ченемдүүлүк, калыстык, социалдык жоопкерчилик;
2) банк ишинин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу;
3) Улуттук банктын көз каранды эместиги;
4) банктык каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерин колдонуу;