Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Бириккен Араб Эмираттарынын Љкмљтџнџн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо тууралуу» Макулдашуу долбоору (2013-жылдын 9-сентябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо тууралуу
Макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 367-б буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү (мындан ары «Макулдашуучу Тараптар» деп аталып),
Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин инвесторлорунун инвестицияларын колдоо үчүн экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жагымдуу шарттарды түзүүнү каалап,
Мындай инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын капиталынын агымына дем берүүгө жана экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтө тургандыгын таанып,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаты үчүн:
1. «Инвестор» термини Макулдашуучу Тараптардын каалаганына карата төмөнкүнү билдирет:
а) Бир Макулдашуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык анын жараны болуп саналган жана экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына инвестициялаган жеке жак;
б) бир Макулдашуучу Тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык катталган жана экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында инвестициялардын менчик ээси, ээси же акционери болуп саналган юридикалык жак;
в) Макулдашуучу Тараптардын Өкмөттөрү.
2. «Инвестициялар» термини Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин инвестору тарабынан аймагында инвестициялар ишке ашырыла турган экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында салынган активдердин ар кандай түрүн билдирет, атап айтканда алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, ипотека, күрөө укуктары, кепилдик сыяктуу башка мүлктүк укуктарды же узуфрукт ( пайда алуу укугу менен башка жакка таандык болгон мүлктү убактылуу пайдалануу укугу) жана башка ушуга окшош укуктарды;
б) акцияларды, облигацияларды жана компанияга катышуунун башка түрлөрүн;
в) реинвестициялоо максатында кармалуучу кирешелер, карыз милдеттери, акча талаптары же инвестицияларга байланышкан финансылык баалуулукка ээ болгон, аткаруусу боюнча ар кандай укуктарды;
г) автордук жана чектеш укуктарды кошкондо, интеллектуалдык менчикке укукту, соода маркасын, патенттерди, өнөр жайлык үлгүлөрдү жана техникалык процесстерди, заводдук укуктарды, ноу-хау, коммерциялык сырды, соода маркасын жана гудвиллди;