Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бљлџгџнџн экинчи абзацын конституциялык эмес деп таануу жљнџндљ» сунуш долбоору (2013-жылдын 9-сентябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун
Конституциялык палатасына
Тарап: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Дареги: Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 207
Тарап: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, 205
«Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын конституциялык эмес деп таануу жөнүндө
сунуш
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 371-б буйругу менен жактырылган
(Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-бөлүгү жана 6-бөлүгүнүн 1-пункту, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пункту, 19-беренеси, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту жана 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы, 21, 24, 25 жана 26-беренелери иретинде)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келбейт деп таанууну төмөнкү негиздер боюнча өтүнөт.
Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн аталган абзацына ылайык республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ишке ашырууга жана кеңейтилген форматта профилдик комитеттер менен макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Бул жобо парламенттин комитеттеринин ыйгарым укуктарын кеңейтет.
Биринчиден, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция) 3-беренеси мамлекеттик бийликти бөлүү принцибин бекемдөө менен мамлекеттик органдар Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттик бийликке ээ болушаарын жана ишке ашыраарын карайт.
Конституциянын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга алышпастыгы белгиленген.