Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 6-июнундагы № ЭД-270/12-МН токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 6-июнундагы токтому
Иш № ЭД-270/12-МН
№ СЭ-08/13-МН
Көзөмөл өндүрүшү № 06-110/13 ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында:
төрагалык кылуучу судья: Осмоналиев К.Т.,
судьялар: Арапбаев Н.М., Мухамеджанов А.Ж.,
соттук отурумдун катчысы: Абышов Б.К.
тараптар: Ат-Башы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы - Т.Жумабековдун, Ат-Башы айылындагы № 1 Тыналиев атындагы бала бакчасынын жетекчиси - Ж.Сопатаеванын, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өкүлү- К.И.Орозакуновдун катышуусунда, соттун ачык отурумунда иш боюнча кабыл алынган Нарын областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 19-декабрындагы чечимине, Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 21-февралындагы аныктамасына карата келтирген Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн көзөмөл даттануусун карап,
Нарын областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 19-декабрындагы чечими менен Ат-Башы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын доо арызы толугу менен канааттандырылган. Ат-Башы айыл округунан жана Ат-Башы айылындагы № 1 Тыналиев атындагы бала бакчасынан бирдикте Ат-Башы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын пайдасына негизги карыз 156 739 сом жана үстөк айып 295 436, 05 сом, баардыгы 452 175,05 сом өндүрүлгөн. Ат-Башы айыл округунан жана Ат- Башы айылындагы № 1 Тыналиев атындагы бала бакчасынан бирдикте 16 065 сом мамлекеттик алым жана почта чыгымдары үчүн 100 сом, баардыгы 16 165 сом республикалык бюджетке өндүрүлгөн
(судья: М.Акбердиев),
Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 21-февралындагы аныктамасы менен Нарын областынын райондор аралык сотунун 2012-жылдын 19-декабрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылган
(төрагалык кылган, баяндамачы судья: Байышов М., судьялар: Амиракулова З., Аббасов С.)
ТАПТЫ:
Ат-Башы шаар куруу жана архитектура башкармалыгы сотко Ат-Башы айылындагы № 1 Тыналиев атындагы бала бакчасына карата Ат-Башы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын пайдасына негизги карыз 156 739 сом жана кечиктирилген 377 күн үчүн үстөк айып (пеня) 295 436, 05 сом, баардыгы 452 175,05 сом өндүрүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган.