Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтџџ сотторунун судьялык кызмат орундарына талапкерлер џчџн конкурстук тандоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча суроолор жана жооптор |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына талапкерлер үчүн конкурстук тандоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча суроолор жана жооптор
1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары боюнча
2. Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик мыйзамдары боюнча
3. Кыргыз Республикасынын Кылмыш мыйзамдары боюнча
4. Кыргыз Республикасынын кылмыш-процесстик мыйзамдары боюнча суроолор
5. Кыргыз Республикасындагы конституциялык укук жана сот иши боюнча суроолор
1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары боюнча
№ 1 суроо: «Ишкер жүгүртүү салты» терминине аныктама бергиле.
Жооп: Ишкер жүгүртүү салты ишкерликтин кайсы бир чөйрөсүндө калыптанган жана кеңири пайдаланылган кайсы бир документте жазылган же жоктугуна карабастан, мыйзамдарда каралбаган жүрүм-турум эрежеси болуп саналат.
№ 2 суроо: Ишкерликке аныктама бергиле?
Жооп: Ишкерлик мыйзамда белгиленген тартипте катталган жактардын пайда көрүүсүнө багытталган өз алдынча, тобокелчилик менен жүргүзүлүүчү ишмердүүлүк болуп саналат.
№ 3 суроо: Чыгаша деген эмнени түшүндүрөт?
Жооп: Укугу бузулган жак бузулган укуктарын калыбына келтирүү үчүн кетирген же кетире турган чыгымдар, эгерде анын укуктары бузулбаган болсо, анын мүлкүнүн жоголушу же кыйрашы (реалдуу зыян), ошондой эле жарандык жүгүртүүнүн кадыресе шартында белгиленген жак ала турган кирешелердин алынбай калышы (түшпөй калган пайда).
№ 4 суроо: Юридикалык жак анын ар-намысын жана кадырын каралаган маалыматтарды сот аркылуу жокко чыгаруу боюнча талап коюуга укуктуубу?
Жооп: Жок, юридикалык жак сот аркылуу өзүнүн иш репутациясын каралаган маалыматтарды жокко чыгарууга гана укуктуу.
№ 5 суроо: Жарандын ар-намысын, кадырын же иш репутациясын каралаган маалыматтарды, ошондой эле юридикалык жактын иш репутациясын каралаган маалыматтарды ким жайылтканын аныктоого мүмкүн болбогондо жарандык жана юридикалык жактын кандай укуктары болот?
Жооп: Көрсөтүлгөн жак таратылган маалымат чындыкка жатпай тургандыгын таануу жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
№ 6 суроо: Кандай объектилер жүгүртүү жөндөмдүүлүгү чектелген болуп саналат? Мисал келтиргиле.
Жооп: Жүгүртүүнүн айрым катышуучуларына гана тийиштүү болгон, же атайын уруксат боюнча гана жүгүртүүдө болуусу каралган жарандык укуктун объектилери.