Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБК) ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында љндџрџлгљн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздљљ жана бажы контролун жџргџзџџ жљнџндљ 2009-жылдын 5-мартындагы протоколуна љзгљртџџлљрдџ киргизџџ тууралуу протокол (2012-жылдын 21-июнунда) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБК) ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү жөнүндө 2009-жылдын 5-мартындагы протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
протокол
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 293-б буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Федералдык бажы кызматы (Россия Федерациясы), (мындан ары - Тараптар)
Кыргыз-Россиялык Өкмөттөр аралык соода экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 2007-жылдын 12-октябрындагы жана 2008-жылдын 7-октябрындагы тогузунчу жана онунчу отурумдарынын протоколуна ылайык,
1995-жылдын 20-январындагы Бажы биримдиги жөнүндөгү Макулдашууга таянып,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Федералдык бажы кызматынын (Россиянын ФБК) ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды маалымат алмашууну пайдалануу менен бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү жөнүндө 2009-жылдын 5-мартындагы протоколунун (мындан ары - Протокол) 2-беренесинин жоболорун колдонууга алуу менен,
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Россия Федерациясынын аймагына ташылып кирген товарларды бажылык тариздөө жана бажы контролунан өткөрүүдө Тараптардын өз ара аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Протоколдун текстиндеги «Республикасынын аймагында өндүрүлгөн» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Республикасынан чыгарылган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
Протоколдун 2-беренеси төмөнкү мазмундагы экинчи, үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Товарларды ушул протоколдун алкагында ташып өтүүдө алардын бажы наркы жана өндүрүлгөн өлкөсү жөнүндөгү маалыматтарды так эмес декларациялоого байланышкан Тараптардын бажы мыйзамдарын бузуулары табылган учурда, Тараптардын ар бири Протоколдун колдонуусун ушул укук бузууларга алып келген себептер жоюлганга чейин токтотуп тура алат.