Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2012-жылдын 8-июнунда) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы № 385 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 7-мартындагы № 2860-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 16-майындагы № 3084-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 15-июлундагы № 140 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын укуктук негиздерин белгилейт, анын милдеттерин, функцияларын аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматкерлеринин эмгек жана башка мамилелерин жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары дипломатиялык кызмат - органдарына жана анын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүктөрүндө гана тиешелүү болот.
2-берене. Дипломатиялык кызмат жөнүндө түшүнүк
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы (мындан ары - дипломатиялык кызмат) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын курамдын бөлүгү болуп саналат жана өкүлчүлүк, эл аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарын илгерилетүү жана коргоо, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын практика жүзүндө ишке ашыруу боюнча дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик ишин камтыйт.
2. Консулдук кызмат дипломатиялык кызматтын бир бөлүгү болуп саналат.
Консулдук кызматтын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Консулдук уставы жана Кыргыз Республикасынын башка тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик) - чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштарынын мамлекеттик органы;