Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына љзгљртџџлљр киргизџџ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2011-жылдын 1-июлунда) (кџчџн жоготкон) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 351 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 965-V токтому менен биринчи окууда кабыл алынды
КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 1272-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынды
Кабыл алынган - КР 2011-жылдын 29-ноябрыгдагы № 225 Мыйзамын караңыз
1-берене. «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1994-ж., № 3, 78-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин укуктук негиздери
Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.».
3. 4-беренеде:
1) Биринчи бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын: «Улуттук коопсуздук органдары өз ишин жүргүзүүдө адам жана жаран укуктарын жана эркиндиктерин сактоого милдеттүү. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо максатында адам жана жаран укуктары жана эркиндиктери убактылуу чектелиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде чектөөлөр аталган максаттарга туура келиши керек.
Ушул Мыйзам аркылуу башка максаттарда жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан ашык даражада укуктарды жана эркиндиктерди чектөөлөр коюлбайт.».
4. 8-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«8-берене. Кыргыз Республикасынын коопсуздук кызматы органдарынын тутуму