Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы менен Украинанын Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда тышкы сооданын статистикасы жљнџндљ маалыматтарды алмашуу жагындагы кызматташтык тууралу протокол (Москва ш., 2005-жылдын 27-майы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы менен
Украинанын Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда тышкы сооданын статистикасы жөнүнд
ө маалыматтарды алмашуу жагындагы кызматташтык тууралу
протокол
(Москва ш., 2005-жылдын 27-майы)
Мындан ары тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы менен Украинанын Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары «Тараптар» деп аталат),
1994-жылы 15-апрелде КМШга катышкан мамлекеттер кол койгон бажы ишиндеги кызматташтык жана өзара жардамдашуу жөнүндө Макулдашуунун жоболорун жетекчиликке алып,
товарларды ташып келүүдө же ташып кетүүдө бажы алымдарын, салыктарды жана башка төлөмдөрдү туура алуунун, ошондой эле товардарды өткөрүүгө, баруучу өлкөгө жүктү жеткирүүгө, билдирилген бажы наркына, товар чыгарылган өлкө жөнүндө маалыматтарга, жүктөрдү өз аталыштары менен декларациялоого контролдук кылууга тиешелүү. Тараптардын ченемдик укуктук актыларынын жоболорун так сактоонун маанисин таанып,
тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын туруктуу алмашуу, андай маалыматтарды салыштыруу жана айырмачылыктардын себебин аныктоо Тараптардын мамлекеттеринин тышкы соодасынын бажы статистикасынын аныктыгын жогорулатууга гана эмес, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин бажы мыйзамдарын бузушуна жол бербөө, табуу жана жоюуга да көмөктөшө тургандыгын эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья
Тараптар квартал сайын жана жылдын жыйынтыгы боюнча тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын (мындан ары - бажы статистикасы) алмашып турушат.
2-статья
Ушул Протоколдун 1-статьясында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ар бир Тарап салыштырма талдоо жүргүзөт жана анын натыйжасы боюнча бажы статисткасынын маалыматтарында айырмачылыктар бар жана андай айырмачылыктардын себебин аныктоо максатына кайсынысына кыйла тыкыр талдоо жасоо керектиги боюнча товардык позицияларды аныкташат.
3-статья
Тараптар салыштырма талдоонун натыйжаларын жазуу түрүндө алмашат жана айырмачылыктын себебин аныктоо максатында кайсынысына кыйла тыкыр талдоо жасоо керек болгон товардык позицияларды өзүнчө көрсөтөт.
Мындай маалымат Тараптар тарабынан ушул Протоколдун 1-тиркемесине ылайык (мындан ары - маалымат) түзүлөт жана башка Тарапка ыңгайлуу жол менен берилет, ал ар бир өзүнчө учурда Тараптардын техникалык бөлүмдөрүндө Макулдашылат.
Зарыл болгон учурда суроо-талап боюнча кошумча маалымат да берилиши мүмкүн.
4-статья