Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 7-июлундагы № АД-80/06 МД токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 7-июлундагы № АД-80/06 МД токтому
Көзөмөл өндүрүшү №06-00219/09 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу судья Аманалиева Б.К.
жана судьялар: Садыков Э.Э., Жороев К.Ж.
катчы Абышов Б.К.
тараптарсыз ачык соттук отурумда Р.Кушбакованын өкүлү Э.Нуралиевдин Жалал-Абат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 10-сентябрындагы аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды.
Жалал-Абат областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 31-январындагы чечими менен Р.Кушбакованын доо арызы канааттандырылып, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-июнундагы № 2013-токтому жараксыз деп табылган.
(Төрагалык кылуучу судья Айжигитов А.А.)
Жалал-Абат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 10-сентябрындагы аныктамасы менен Жалал-Абат областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 31-январындагы чечими бузулуп, иш боюнча өндүрүш токтотулган.
(Төрагалык кылуучу судья Осмоналиев К.Т., судьялар: Кожобекова Г.Т. жана Чаканов Э.С.)
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К.Жороевдин баяндамасын угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Доогер Р.Кушбакова Жалал-Абат областынын райондор аралык сотуна Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына карата доо арыз менен кайрылып, анда архивдик маалыматтар боюнча талаш болуп жаткан турак-жай анын апасы Ажиматова Кимсанга таандык экендигин, бирок апасы каза болгондугуна байланыштуу аталган турак-жай ага мурас катары өтүшүн белгилеп Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-июнундагы №2013-токтомун жана Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын А.Ажиматованын атына турак-жайды катталгандыгын жокко чыгарууну сураган.
Соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөндөй соттук актылар кабыл алынган.
Кабыл алынган Жалал-Абат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 10-сентябрындагы аныктамасы менен макул болбогон Р.Кушбакованын өкүлү - Э.Нуралиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл тартибиндеги даттануу менен кайрылып, анда жогоруда аталган соттук актыны жокко чыгарып, биринчи инстанция сотунун актысын күчүндө калтырууну сураган.