Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 30 январындагы № 07-517/08 ЭД токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 30 январындагы № 07-517/08 ЭД токтому
ЭД-113/08 Мба
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Давлетов А.А.,
судьялар: Сыдыков О.С., Аманалиева Б.К.,
сот отурумунун катчысы: Малабаева Н.,
тараптар: Иризматов А., анын адвокаты Мурзабаев К.Т., (2009-жылдын 30-январындагы табыштоо ордери), «Ошэлектро» ачык акционердик коомунун өкүлү
Матенов Т.У. катышуусунда,
соттун ачык отурумунда «Үмүт» кичи ишканасынын жана Кадамжай райондук электр тармактарынын Баткен областынын райондор аралык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 26-августундагы чечимине, жана Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 16-октябрындагы чечимине келтирилген көзөмөл даттанууларын карап,
Баткен областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 26-августундагы чечими менен «Үмүт» кичи ишканасынын директору А.Иризматовдун доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, Кадамжай райондук электр тармактарынан «Үмүт» кичи ишканасынын пайдасына 48000 сом өндүрүлгөн. Доонун калган бөлүгү канааттандыруусуз калтырылган. Мындан тышкары, Кадамжай райондук электр тармактарынан «Үмүт» кичи ишканасынын пайдасына 2000 сом өлчөмүндө төлөнгөн мамлекетгик алым, 3400 сом өлчөмүндөгү соттук чыгымдар өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу: Султаналиев У.),
Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 16-окгябрындагы чечими менен биринчи инстанциядагы соттун чечими өзгөртүлүп, Кадамжай райондук электр тармактарынан «Үмүт» кичи ишканасынын пайдасына 72 000 сом материалдык зыяндын суммасы, 3766 сом мамлекеттик алым жана соттук чыгымдар, жактоочунун кызматына 4000 сом гонорары, жалпы суммасы 79766 сом өндүрүлгөн, чечимдин калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган (судьялар: Нарынбекова А.О., Айжигитов Б.А., Абдилатов А.А.).
Баяндамачы - судья Аманалиева Б.К. баяндамасын, ишке катышкан тараптардын жүйөөлөрүн угуп,
ТАПТЫ:
«Үмүт» кичи ишканасынын директору Иризматов Асамидин сотко доо арыз менен кайрылып, анда Кадамжай райондук электро тармактарынын директорун жоопкер катары көрсөтүү менен 84000 сом өлчөмүндө эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан акча каражаттарын, 27402 сом өлчөмүндө келтирилген материалдык зыянды, жана 100000 сом өлчөмүндө моралдык зыянды өндүрүп берүүнү сураган.